Күрп-Сай ГЭСинде №3 гидроагрегат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Күрп-Сай ГЭСинде №3 гидроагрегат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда белгиленген жумуштардын 80 пайызы аткарылып, гидротурбина жана электр жабдыктары толугу менен реконструкциядан өтүп жатат.   Иштер күз-кыш мезгилинде калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында аткарылууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Тайланд туристтер үчүн салыкты эмки жылдан тарта киргизет

Тайланд туристтер үчүн салыкты эмки жылдан тарта киргизет. Бийлик мындай жол менен инфраструктураны өнүктүрүп, коопсуздук чараларын күчөтүү ниетинде. Өлкө чек арасын өткөндөргө 5 доллардан 9 долларга чейин салык төлөө керек болот.   Салыктан бир гана 2 жашка чейинки балдар, транзиттик жүргүнчүлөр, дипломаттык паспорттун ээлери бошотулат.… Кененирээк…

Бишкектеги Гоголь көчөсү бүгүнтөн тарта эки тараптуу болот

Бишкектеги Гоголь көчөсү бүгүнтөн тарта эки тараптуу болот. Мэриядан билдиришкендей, анын Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки тилкесинде унаалар эки тараптуу жүрөт.   Бул Сүйүмбаев көчөсүндөгү  капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу кабыл алынган чара.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Ошто  24 саат бою унаа каттоочу бөлүм ачылат

Ошто  24 саат бою унаа каттоочу бөлүм ачылат. Бул тууралуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Рустан Жокоев билдирди.   Анын айтымында, түйүн 1-октябрдан тарта унаа ээлерин кабыл алып баштайт. Эске салсак, күнү-түнү иштөөчү бөлүм буга чейин Бишкекте ачылган. Бул жерде… Кененирээк…

Акматбек Келдибеков Оор атлетика федерациясынын президенттигинен кетти

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Кыргызстандын Оор атлетика федерациясынын президенттигинен кетти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.   «Акматбек Келдибековичтин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу аткаруу комитети ушундай чечим чыгарды. Жакынкы күндөрү шайлоо болот», — деди Улан Молдодосов. Акматбек Келдибеков Кыргызстандын Оор атлетика… Кененирээк…

Маданият министрлиги Нарын облусундагы “Таш-Рабат” кербен-сарайын жаңылайт

Маданият министрлиги Нарын облусундагы “Таш-Рабат” кербен-сарайын жаңылайт. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Алтынбек Максутов билдирди. Анын айтымында, тарыхый объект министрликтин балансына өткөрүлөт.   Анын аймагын кеңейтин, имаратын калыбына келтирүү пландалууда. Максутов кошумчалагандай, быйыл каржылоо суроосу чечилет, андан кийин тарыхый объекттин реконструкциясы иштери башталат.   Ушул жана… Кененирээк…

Кыргызстанда 2030-жылга чейин майда дыйкан-фермердик чарбаларды  424 кооперативге бириктирүү пландалууда

Кыргызстанда 2030-жылга чейин майда дыйкан-фермердик чарбаларды  424 кооперативге бириктирүү пландалууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдиргендей, учурда бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо маселесин колдоо катары бир миллион сомго чейинки насыяны мамлекет тарабынан жоюу программасы иштелип чыгууда.   Ал үчүн… Кененирээк…

Жаңы жылдан тартып Москвада мигрантка тейлөө тармагында иштөөгө тыюу салынат

Жаңы жылдан тартып Москва облусунда мигранттарга ишмердүүлүктүн бир катар түрү менен алектенүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу облус бийлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылды.   «1-январдан тартып алкоголдук ичимдик жана тамеки сатуу, стационардык эмес соода жайларында көчө тамагын сатуу, социалдык тейлөө тармактарында, ошондой эле спорт, маданият, эс… Кененирээк…

Кыргызстанда “Бурана – Баласагын” этношаары курулат

Кыргызстанда “Бурана – Баласагын” этношаары курулат. Бул тууралуу маданият министри Алтынбек Максутов билдирди. Анын айтымында, шаар байыркы заманды чагылдырган тарыхый-архитектуралык музей-комплекс болот.   Аны салууга 50 миллион долларга чейин каражат сарпталат. Ичинде ар улуттун ашканасы, ресторан, эс алуу жайлары да жайгашат. Максутов кошумчалагандай, “Бурана –… Кененирээк…

Чүй облусунда курулуп жаткан монолиттик-блок модулдарын чыгаруучу завод жыл аягында ишке кирет

Чүй облусунда курулуп жаткан монолиттик-блок модулдарын чыгаруучу завод жыл аягында ишке кирет. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда курулуш иштери дээрлик аяктап, объектке тиешелүү жабдуулар жеткирилди. Заводду ачууга 2 миллион доллар суммасында инвестиция салынды.   Анда жаңы жумуш орундары түзүлүп,… Кененирээк…