Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 4 миң 490 милиция коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Ички иштер министрлигинин 4 миң 490 кызматкери тартылат. Алар өлкөдө коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн иштешет.   Эске салсак, 17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт.   Соңку маалыматка ылайык, Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 495 миң 718 сом жумшалат

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого мамлекеттик бюджеттен 495 миң 718 сом кетет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.   Каражат комиссияларды окутууга, маалыматтык материалдарды басып чыгарууга, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин аймактарга жеткирүүгѳ, аймактык шайлоо комиссияларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылууга сарпталат.   Эске… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ведомстводон билдиришкендей, эртең жана бүрсүгүнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт.   Синоптиктер Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда? Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаай турганын айтууда.   Өлкө боюнча абанын температурасы төмөндөйт. Бирок мындай аба ырайы көпкө… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга Израиль жана Ливанга барбай туруу сунушталат

Кыргызстандыктарга Израиль жана Ливанга барбай туруу сунушталат. Тышкы иштер министрлигинен эске салышкандай, аталган өлкөлөрдүн чек арасындагы татаал жана чыңалган кырдаал уланууда.   Ведомство ошондой эле Ливан жана Израилде жашаган кыргыз жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүнү жана жогоруда аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүү… Кененирээк…

Бишкекте автобус айдаган 30 кызматкер иштен алынат

Бишкекте жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн, тагыраагы, каршы тилкеге чыгуу, тыюу салынган жол чырактардан өтүү, автобустун ичинде жүргүнчүлөрдүн кулап кетиши жана башка эреже бузган 30 айдоочу иштен алынат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, калаа башчы Айбек Жунушалиев “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында автобустардын… Кененирээк…

Мамлекеттик авиакомпаниянын учагы Бишкектен Ошко учат

Мамлекеттик авиакомпаниянын учагы Бишкектен Ошко учат. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан билдиришти. Мааламатка ылайык, каттам 27-сентябрда саат 11де болот.   Буга чейин жаңы сатып алынган учактар Таласка учуп, сыноодон өткөн. Ал эми Ошко билеттердин баасы 3 миң 300 сомду түзөт.  

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, 26-сентябрда эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин суу Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү жана темир жол линиясы менен чектешкен жерде жок болот.   Убактылуу чектөөлөр “Тоголок Молдо” суу дарбазасында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо… Кененирээк…

Ички каттамдар үчүн Канададан сатып алынган учак сыноодон ийгиликтүү өттү

Ички каттамдар үчүн Канададан сатып алынган учак сыноодон ийгиликтүү өттү. Ал техникалык учуусун Бишкек — Талас багыты боюнча аткарды. Рейс туруктуу ички каттамдарды уюштууга даярдык көрүүнүн алкагында уюштурулган.   Тех.кызматкерлер жана учактын экипажы коопсуздуктун жогорку деңгээлин көрсөтө алды. Ата мекендик авиакомпания жакынкы арада ички каттамдарды… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтаруудан баш тартты

Жогорку Кеңеш Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтаруудан баш тартты. Мурдагы өлкө башчынын арызы парламентте бүгүн каралды. 71 депутат кайтарып берүүдөн баш тартууну колдосо, 2 депутат каршы болду.   Эске салсак, Аскар Акаев Кыргызстандын биринчи президенти. Ал үч мөөнөт бою өлкөнү башкарган.  2005-жылдын 24-мартындагы революцияда Кыргызстандан… Кененирээк…

Мүлк ижарасынан түшкөн каражатты жергиликтүү бюджетке калтыруу сунушталды

Мамлекеттик мүлктүн ижарасынан түшкөн каражатты жергиликтүү бюджетке калтыруу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев демилгелеген. Маалыматка ылайык, ижарадан түшкөн каражат республикалык бюджетке которулгандыктан баланс кармоочулар (мамлекеттик мекемелер) бош турган аянттарды ижарага берүүгө кызыкдар эмес. «Мыйзам боюнча, ижара акынын 70 пайызы объектилерди оңдоп-түзөөгө жана кармоого калат. Бирок… Кененирээк…