Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин суу Панфилов, Фрунзе көчөлөрүн, Манас проспектин жана темир жолду бириктирген бөлүктө жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр Тоголок Молдо суу топтомо жайындагы оңдоо иштерине байланыштуу.