Токтогулда суунун деңгээли көтөрүлө баштады

Токтогулда суунун деңгээли көтөрүлө баштады.   “Электр станциялары” ишканасынан такташкандай, бүгүн суунун көлөмү 13 млрд 26 млн куб метрди түздү. Суунун агып келиши секундасына 394 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 205 куб метрге жетүүдө.   Эске салсак, былтыр бул күнү суунун көлөмү дээрлик… Кененирээк…

Сокулуктагы 750 орундуу мектептин курулушу быйыл аяктайт

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы 750 орундуу мектептин курулушу быйыл аяктайт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2012-жылы башталып, 2019-жылдан бери токтоп турган.   Учурда имараттын ички жумуштары жүргүзүлүүдө. Мектеп быйыл жыл аягына чейин каалгасын ачат… Кененирээк…

Зардалыда жол салуу иштери келерки жылы башталат

Баткен облусундагы эң алыскы Зардалы айылында келерки жылы жол салуу иштери башталат. Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда билдиргендей, электр энергиясы менен камсыз кылуу жумуштары да жүргүзүлөт.   Белгилеп кетсек, Баткендеги шарты катаал Зардалы айылына машине менен барган жол жылына жайында төрт-беш ай гана ачык болот.  … Кененирээк…

Бишкек мэриясы таштандыны кечинде чыгарууну суранат

Бишкек шаардык мэриясы таштандыны кечки саат 7ден түнкү 12ге чейин чыгарууну суранат.   Муниципалитет күндүз жол тыгыны өндүү маселелерден улам “Тазалык” кызматы түнкүсүн иштеп жатканын билдирди.   Маалыматта айтылгандай, таштандылар түнкү 12ден таңкы саат 6га чейин алынып кетет.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Кыргызстандын жаштар курама командасы Азия кубогуна катышууга жолдомо алды

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Япония менен тең чыкты. Муну менен кыргыз спортчулары 2025-жылы Кытайда боло турган Азия кубогуна катышууга жолдомо алды.   Оюн кечээ Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.   Учурда Кыргызстандын жаштар курама командасы жети упай менен тайпасында 2-орунда келе жатат.  … Кененирээк…