Токтогулда суунун деңгээли көтөрүлө баштады

Токтогулда суунун деңгээли көтөрүлө баштады.

Бизге “Электр станциялары” ишканасынан такташкандай,  бүгүн суунун көлөмү 7 миллиард 983 миллион куб метрди түздү.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 458 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 168 куб метрге жетүүдө.

Белгилеп кетсек, бир жума мурун суунун агып кириши дээрлик үч эсе аз болчу.

Суу сактагыч мөңгүлөрдүн эрүү мезгилинин башталышы менен толо баштады.