Кыргызстанда 17 айыл-аймактын аталышын өзгөртүү сунушталды

Кыргызстанда 17 айыл-аймактын аталышын өзгөртүү сунушталды.   Министрлер кабинетинин тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинде каралып, биринчи окууда жактырылды. Ага ылайык, Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облусундагы айрым айыл-аймактардын аталышы алмашат. Тагыраагы, 4 айыл аймагы жана 13 айылдын атын кайра атоо сунушталууда.   Белгиленгендей,… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун кезектеги жыйыны өттү

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Баткен шаарында өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.   Жолугушуу 11-сентябрдан 17-сентябрга чейин болгон. Анын алкагында тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек… Кененирээк…

Бишкектин төрт көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады

Бишкектин төрт көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады.   Муниципалитеттен билдиришкендей, эки көчөнүн тротуарын, дагы эки көчөнүн жолун капиталдык оңдоо иштери жыйынтыкталды. Ага ылайык, Раззаков көчөсү Фрунзеден Баетов көчөсүнө чейин жана Баетов көчөсү Раззаковдон Орозбеков көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.   Мындан тышкары, Фрунзе көчөсүндө Абдрахмановдон… Кененирээк…

Ретро FM радиосу менен ИИМ уюштуруп жаткан акция уланууда

Ретро FM радиосу менен Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы биргеликте Бишкекте уюштуруп жаткан акция уланууда. Анын алкагында жолдо жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.   “Күзгү патруль” акциясы 29-сентябрга чейин созулат. Ага ордо калаанын бардык каалоочулары катыша алат. Ал үчүн 104.5… Кененирээк…

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору алмашты

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Төлөбек Абдырахманов Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматы Абдырахманов өзү берген арызынын негизинде кызматынан алынганын билдирди. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Догдурбек Чонтоев аталган окуу жайдын ректору болуп дайындалды. 58 жаштагы… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды

Бүгүн кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды.   Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматы кабарлагандай, «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери Кытайдын демилгеси менен ал жакта «Күздүн ортосун белгилөө» майрамына байланыштуу жабык болот.   Аталган бекеттер аркылуу адамдарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүү эртең, 18-сентябрда… Кененирээк…

Кыргызстанда 206 миңдей жаран пенсиянын топтомо бөлүгүндөгү акчасын алды

Кыргызстанда 206 миңдей жаран пенсиянын топтомо бөлүгүндөгү акчасын алды. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.   Маалыматка ылайык, бул үчүн жалпы 3 млрд 957 млн сомдон ашык акча сарпталды.   Мекеменин 2024-жылдын 1-майдагы эсеби боюнча өлкөдө 779 миң пенсионер бар. Алардын 400ү айына 50 миң сомдон… Кененирээк…

Кытай “Эркечтам” өткөрүү түйүнүндө кыргыз-кытай ынтымак көпүрөсүн курду

Кытай “Эркечтам” өткөрүү түйүнүндө кыргыз-кытай ынтымак көпүрөсүн курду. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Алмаз Тургунбаев билдирди.   Анын айтымында, объект Ош облусунун Алай районунда, Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунда жайгашат. Көпүрөнүн узундугу 187 метр, туурасы — 24 метрди түзөт. Кытай… Кененирээк…

Президент Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров «Борбор Азия – Германия» мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн 17-сентябрда Казакстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Маалыматка караганда, тараптар өз ара алаканы жана Борбор Азиянын Германия менен кызматташуусун кеңейтүүнү талкуулашат. Ошондой… Кененирээк…

Give Me Sport британиялык басылмасы 2000-жылдардын мыкты футболчуларын атады

Give Me Sport британиялык басылмасы 2000-жылдардын мыкты футболчуларын атады. Рейтингдин сап башында аргентиналык оюнчу Лионель Месси жайгашат. Андан кийинки орунда анын ар дайымкы атаандашы Криштиану Ронулду турат.   Үчилтикти бразилиялык Роналдиньо бекитет. Андан тышкары, мыктылардын тизмесинде Зинедин Зидан, Хави, Андрес Иньеста, Кака, Роналдо жана Икер… Кененирээк…