Кыргыз – Кытай чек арасы убактылуу жабылды

Кыргыз – Кытай чек арасы убактылуу жабылды.

Ошондой эле аба каттамдар да токтотулду.

Бул чечимди өлкө аймагына коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана

жайылуусуна жол бербөө боюнча республикалык штаб кабыл алды.

Өкмөттүн билдирүүсүндө, учурда өлкөдө коронавирус катталган жок.

Республиканын бардык көзөмөл-өткөрүү жайларында, Бишкек жана

Ош шаарларындагы аэропорттордо санитардык-көзөмөл түйүндөрү иштеп жатат.

Мындан тышкары эгерде өлкө аймагында вирус катталса

саламаттыкты сактоо уюмдарында атайын палаталар даярдалды.