Кыргызстанда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институту түзүлдү

Кыргызстанда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институту түзүлдү. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев билдирди.   Анын айтымында, институтту түзүү агрономия жана ветеринария тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө гана эмес, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологияларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.… Кененирээк…

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы мектептин курулушу уланууда

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы мектептин курулушу уланууда. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объект Үч-Бай айылында жайгашып 275 орунга чакталат.   Иштер мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2022-жылдан бери жүрүүдө. Имаратта 4 блоктон турган окуу корпусу, өтмөк галерея, спортзал, ашкана жана спорт аянтчалары… Кененирээк…

Бишкекте бүгүнтөн тарта Горький көчөсүнүн дагы бир тилкеси кыймылга чектелет

Бишкекте бүгүнтөн тарта Горький көчөсүнүн дагы бир тилкеси кыймылга чектелет. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, кеп анын Юнусулиев көчөсүнөн Кара-Дарыя көчөсүнө чейинки бөлүгү тууралуу болуп жатат.   Эске салсак, Горький көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Кыргызстанда мал соючу жайлары жок райондорго жана шаарларга жаңы  12 касапкана салынды

Кыргызстанда мал соючу жайлары жок райондорго жана шаарларга жаңы  12 касапкана салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Муну менен Ветеринардык кызматтын реестрине жалпысынан 101 мал союучу жай катталды. Ал эми 15 касапканада ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн… Кененирээк…

Бишкекте дагы бир “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды

Бишкекте дагы бир “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды. Ал №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги филиалында уюштурулду.   Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул ордо калаада ачылган 19-мамлекеттик дарыкана, ал эми республика боюнча учурда 88 дарыкана иштейт. Аларда дары-дармекти 10-20 пайызга арзан сатып… Кененирээк…

Бардык иш берүүчүлөр жумушчуларын ден-соолугуна зыян келтирүүдөн камсыздоого милдеттендирилет

Бардык иш берүүчүлөр жумушчуларын ден-соолугуна зыян келтирүүдөн камсыздоого милдеттендирилет. Жогорку Кеңеште тиешелүү мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.   Полис жок болсо компания жетекчилигине 3 миң сом, ал эми компаниянын өзүнө 13 миң сом айып салынат.   Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын… Кененирээк…

Кыргызстанда товардын акчасын кайтаруудан баш тарткандарга айыпты үч эсе көбөйтүү каралууда

  Кыргызстанда товардын акчасын кайтаруудан баш тарткандарга айыпты үч эсе көбөйтүү каралууда. Экономика министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорду парламентке киргизди.   Документке ылайык, кепилдик берилген тейлөө мөөнөтүнөн жана сапатсыз товарды алмаштыруудан баш тарткан жеке жактар үчүн айып пул 15 миң сом, юридикалык жактарга 51 миң сомду… Кененирээк…

Кыргызстан калкынын саны жыл башынан бери 70 миң адамга, же 1 пайызга өсүп, 1-августка карата 7 миллион 231 миң адамды түздү

Кыргызстан калкынын саны жыл башынан бери 70 миң адамга, же 1 пайызга өсүп, 1-августка карата 7 миллион 231 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт.   Калктын табигый өсүү көрсөткүчү жагынан Батке  н, Ош, Жалал-Абад облустары алдыда, ал эми эң төмөн көрсөткүч Бишкек… Кененирээк…

Евразиялык банк Кыргызстанда 9 мектеп курат

Евразиялык банк Кыргызстанда 9 мектеп курат. Парламенттин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети тиешелүү мыйзам долбоорду жактырды.   Макулдашууга ылайык, донор гранттын эсебинен мектеп имараттарын куруп, аларды материалдык-техникалык жактан камсыздап, аларды Кыргызстанга өткөрүп берет. Ал эми биздин өлкө өз кезегинде долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу… Кененирээк…

Активдерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү 31-декабрда аяктайт

Активдерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү 31-декабрда аяктайт.   Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан эске салышкандай, бул убакытка чейин мүлктү жана кирешени расмий экономикага ачыктаса болот.   Ал үчүн атайын легалдаштыруу механизми иштелип чыккан. Белгилеп кетсек, кеп физикалык жактардын 2023-жылдын 1-январына карата ээлик кылган… Кененирээк…