Боршайком жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырат

Кыргызстанда шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 18-октябрда, айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 28-октябрь күнү аягына чыгат. Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды 17-ноябрга белгиленген шайлоого активдүү катышууга чакырат.   “Шайлоочуларды шайлоого активдүү катышууга, ал эми талапкерлер менен партиянын өкүлдөрүн таза, конкуренттик шайлоо өткөрүүгө үндөйбүз”, — деди Боршайкомдун… Кененирээк…

Кыргызстанда коррупциядан түшкөн каражатты легалдаштырууга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда коррупциядан түшкөн каражатты легалдаштырууга тыюу салуу сунушталды. “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү Министрлер кабинети демилгелеп жатат.   Маалыматка ылайык, мындай өзгөртүү мыйзамды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатын көздөйт. Ага ылайык, кылмыштуу кирешелерди, коррупция, пара алуу, пара… Кененирээк…

Нарын облусунун Жумгал районунун Лама айылында 100 орундуу мектептин курулушу башталды

Нарын облусунун Жумгал районунун Лама айылында 100 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, долбоор боюнча мектеп заманбап техникалар менен жабдылган эки кабаттуу окуу корпус жана спорттук залы менен курулат. Билим берүү мекемесинин жалпы… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Үгүт жүргүзүүдө эмнелерге тыюу салынат?

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата үгүт жүргүзүү шаардык кеңештер үчүн 18-октябрдан, айылдык кеңештерде 28-октябрдан тарта башталат. Агитация учурунда эмнелерге тыюу салынарын Novosti.kgге БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев айтып берди:   “Спорт оюндарын уюштуруп, ошол жерде кандайдыр бир партияга же талапкерге үгүт жүргүзүүгө болбойт. Концерт уюштурууга, ошондой… Кененирээк…

Нарын районунун борбордук паркын реконструкциялоо пландалууда

Нарын районунун борбордук паркын реконструкциялоо пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Куланак айылындагы парк көптөн бери каралбай калган.   Жаңы долбоорго ылайык, бассейн, сахна, балдар ойноочу аянтча, чуркоо жолу, түнкү жарыктандыруу, воркаут, шахмат аянты жана башка… Кененирээк…

Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер бул жолу күрөө койбойт

Кыргызстанда айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер бул жолу күрөө койбойт. Жаңы мыйзамга ылайык, шаардык кеңештер үчүн шайлоо босогосу жетиден беш пайызга төмөндөтүлдү. Мындай чечимдин себебине БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев токтолду:   “Ар кандай саясий күчтөрдүн кеңеште өкүлчүлүгү болсун дедик. Мисалы, кээ бир партиялар 6-6,5 пайыз алып… Кененирээк…

Бишкекте Горький көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды

Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.   Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн Горький көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Кара-Дарыя көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды.   Эске салсак, Горький көчөсү Айтматов проспектисинен Кара-Дарыя көчөсүнө чейин оңдолууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Талапкерлер мандаттын санына жараша гана катталат

Бул жолку жергиликтүү кеңештерге шайлоодо талапкерлерди каттоо мандаттын санына жараша гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу Novosti.kgге БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.   “31 мандат болсо, ошончо гана талапкер боло алат. Анын 30 пайыздан кем эмеси аялдар болушу керек, тагыраагы, 31 депутаттын 11и аялдар болушу шарт. Же… Кененирээк…

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогу өтөт

Бүгүн жана эртең Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдар диалогунун форуму өтөт. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.   Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын парламенттеринин депутаттары, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.   Отурумдун алкагында айымдардын тынчтыкты жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аралыктан добуш берсе болот

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аралыктан добуш берсе болот. Жаңычылдыкты Novosti.kgге Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев түшүндүрдү:   “Бул кандай болот? Мисалы, Баткен облусунун Самаркандек айылынын тургуну убактылуу Бишкекте жүрөт. Ал өзүнүнүн айылынын келечегине кайдыгер карабайт, шайлоого катышам дейт. Ошондой жарандарыбызга ар бир облус борборлорунда – Бишкекте,… Кененирээк…