Баткенде алтын кени мамлекеттин балансына кайтарылды

Баткен облусунда  50 млн долларга бааланган «Апрелское AZI» алтын кени Жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлигинин балансына өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет билдирди.   Маалыматка караганда, УКМК тарабынан кылмыштуу кирешелерди адалдоо, ошондой эле Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш… Кененирээк…

Бишкектеги Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү ачылды

Бишкектеги Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү ачылды. Мэриядан билдиришкендей, анын  түндүк тарабы Абдрахманов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин оңдолуп бүттү.   Ошол эле учурда, Жибек-Жолу проспектисинин түштүк тарабы Сүйүмбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин жабылды. Жалпысынан проспект Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт.  … Кененирээк…

Сингапурдун премьер-министри дүйнөдө эң чоң айлык алган саясатчы

Сингапурдун премьер-министри дүйнөдө эң чоң айлык алган саясатчы. Лоуренс Вонгдун бир жылдык маянасы 1 миллион 700 миң долларга барабар. Андан кийинки орунда Швейцариянын президенти Виола Амхерд турат — 569 миң доллар.   Үчилтикти Австралия премьери Энтони Альбанезе 412 миң доллар айлыгы менен бекитет. АКШ президенти… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодо 30 миңдей адам ишке тартылат

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодо 30 миңдей адам ишке тартылат. БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдиргендей, ар бир шайлоо тилкесинде автоматтык эсептөө урналардын операторлору, комиссия кызматкерлери, техникалык колдоо адистери иш алып барат.   Жалпысынан өлкө боюнча дээрлик 3 миң шайлоо участогу ачылат. Эске салсак, жергиликтүү кеңеш депутаттарын… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров Рим Папасы менен жолугушту

Бүгүн, 4-октябрда Ыйык Тактыга (Ватикан) жасаган расмий сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Рим Папасы Франциск менен жолугушту. Мамлекет башчысы тынчтыктын, адилеттүүлүктүн жана элдер менен диндердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жогорку принциптерин жана идеалдарын илгерилетүүгө болгон берилгендиги үчүн чын жүрөктөн… Кененирээк…

Ош шаарында окуучулар үчүн акысыз автобустар жүрүп баштады

Ош шаарында окуучулар үчүн акысыз автобустар жүрүп баштады. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, балдарды ташуучу коомдук транспорт күнүнө 3 ирет — эртең менен, түштө жана кечкисин жүрөт.   №1 автобус Исанов көчөсүнөн Салиевага чейин, №2 автобус Тээке айылынан шаар аралап Төлөйкөн айылына чейин барат. Ал эми… Кененирээк…

“Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагынын баш байгесин Ош мамлекеттик университетинин “Билим” мектеп-лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова жеңип алды

“Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагынын баш байгесин Ош мамлекеттик университетинин “Билим” мектеп-лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова жеңип алды.   Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, сынактын шарты боюнча 1-орунду алган мугалимге Бишкектен батирдин ачкычы тапшырылат. Сынакка жалпысынан 128 мугалим катышты.     Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Таласта перинаталдык борбордун курулушу башталды

Таласта перинаталдык борбордун курулушу башталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 63 орундуу бөлүм облустук бириккен оорукананын базасында пайда болот.   Курулуш иштери 2 жылда аяктайт деп пландалууда. Борбордо кабыл алуу, төрөт, кайра жандандыруу жана операция бөлүмдөрү жайгашат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Кыргызстанга ташылган күйүүчү майдан акы алуу жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү

Кыргызстанга ташылган күйүүчү майдан акы алуу жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү. Документке ылайык, өлкөгө ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын литринен бир сомдон салыктык эмес жыйымдар алынат. Чогулган каражат жалпы колдонуудагы жолдорду оңдоого жана өнүктүрүүгө, жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталат.   Буга чейин Унаа жана… Кененирээк…

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолуна асфальт төшөө иштери уланууда

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолуна асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Маалыматка караганда, учурда жолдун бир тарабынын 1,5 чакырым аралыгына 9 см калыңдыктагы асфальттын биринчи катмары басылды. Аны менен катар жер иштери, жолдун негизин даярдоо жумуштары жүрүүдө.… Кененирээк…