Бишкек ЖЭБине 90 миң тоннадан ашык көмүр жеткирилди

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы август айынын башынан бери Бишкек жылуулук электр борборуна 90 миң тонна көмүр берди. Тоннасы 4 миң 915 сомду түздү. Маалым болгондой, министрлер кабинетинин алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча токтомуна ылайык, Бишкек ЖЭБине 750 миң тоннадан кем эмес көмүр жеткирилиши керек.  … Кененирээк…

Кыргызстанда мугалимдердин 86% аялдар түзөт

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда мектептерде сабак берген мугалимдердин жалпы санынын 86% аялдар түзөт. Алардын 5% директор жана директордун орун басары болуп иштейт. Ушул тапта өлкөдө 5 миңге жакын бала бакча, мектеп, жогорку окуу жай, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелери бар жана анда… Кененирээк…

Ысык-Көл районунун Темир айылында селден жабыркагандарга үйлөр курулуп баштады

Ысык-Көл районунун Темир айылында селден жабыркагандарга үйлөр курулуп баштады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 5 үй Тамчы айылында курулууда. Чечим Темир айылынын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган. Ал жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү жана… Кененирээк…

Ош шаарында дагы 4 суу кампасы курулууда

Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жалпы көлөмү 24 миң куб метрди түзгөн 4 даана таза суу кампасынын курулуш иштерин көрүп чыкты. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысы суу кампаларын сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү тапшырмасын койду.   Эске салсак, буга чейин да Ош шаарында жалпы көлөмү… Кененирээк…

Садыр Жапаровдун Италия жана Ватиканга болгон расмий сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Италия Республикасына жана Ыйык Тактыга (Ватикан) 2-4-октябрда болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Сапардын алкагында 3-октябрда Римде президент Садыр Жапаровдун Италиянын президенти Серджо Маттарелла менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Андан соң эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу… Кененирээк…