30-июнда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өтүүчү аймактардагы шайлоочулардын саны толугу менен такталды

30-июнда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өтүүчү аймактардагы шайлоочулардын саны толугу менен такталды. Тизме Санарип министрлиги тарабынан түзүлгөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

 

Шайлоочулардын тизмеси эртең үч аймактагы 175 шайлоо тилкелеринде илинет. Жарандар “Тизме” порталында өздөрүнүн аты-жөнүн тактап алса болот.

 

Эске салсак, 30-июнда бир мандаттуу №5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өтөт.