Өлкөдө “Кыргыз Республикасын өнүктүрүү мамлекеттик банкы” түзүлөт. Тиешелүү чечим Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде талкууланды.
Маалыматка ылайык, банктын директорлор кеңеши 7 адамдан турат. Үчөөсүн парламент бекитсе, 3 мүчөнү жана банктын төрагасын министрлер кабинети дайындайт.
Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын негизги максаты – кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн насыяларды берүү болот.