Франциялык L’Équipe басылмасы футбол боюнча Катарда өткөн чемпионаттын символдук курамасын түздү

Франциялык L’Équipe басылмасы футбол боюнча Катарда өткөн чемпионаттын символдук курамасын түздү. Мыкты чабуулчулардын катарына Лионель Месси, Килиан Мбаппе жана Букайо Сака кирди.

 

Жарым коргоочулар арасында Лука Модрич жана Энцо Фернандес өзгөчөлөндү. Ал эми голкипер катары Доминик Ливакович тандалды.

 

Эске салсак, мундиальдын финалына чейин Аргентина мене Франция жетип, Лионель Скалонинин тарбиялануучулары пенальти сериясы менен жеңишке жетти.