Британ полициясы жылдын эң орунсуз кайрылуулары тууралуу айтып берди

Улуу Британиянын Лестерширдеги полициясы жарандардын эң адаттан тыш кайрылууларын атады.

Жыл ичинде падышалыктын полициясына 999 тез жардам номери аркылуу дээрлик 200 миң чалуу түшкөн.

Алсак, кайрылгандардын бири муздаткычтын өтө катуу үнүнө нааразы болгон.

Дагы бирөө станцияда поездди көпкө күткөнүнө ачууланган.

Дагы бир аял үйүндө чымындардын көп экенине нааразылык билдирген.

Балдар да ар кандай суроолор менен милицияга кайрылышат.

Мисалы, бир бөбөк укук коргоо органдарына чалып кызматкерден «мармелад жагабы?» деп сураган.