“Аватар. Суу жолу”  тасмасы дүйнөлүк прокатта 850 миллион доллар чогултту

“Аватар. Суу жолу”  тасмасы дүйнөлүк прокатта 850 миллион доллар чогултту. Бул болгону 10 күндүн жыйынтыгы. Муну менен тасма жыл башынан берки эң кирешелүү кинолордун ичинен бешинчи орунду ээледи.

 

Каражаттын басымдуу бөлүгү АКШда чогулган. Андан кийин тасма Кытайда, Кореяда, Францияда, Индияда жана Германияда жогорку популярдуулукка ээ болду. Жума аягына чейин кассалык чогултуулар 1 миллиард доллардан ашат деп күтүлүүдө.