Өлкөдө балага сүйүнчү берүү убактылуу токтотулду

Өлкөдө балага сүйүнчү берүү убактылуу токтотулду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мунун себебин борборлоштурулган базанын жаңыланып жатканы менен түшүндүрдү.

Маалыматка ылайык, төлөмдөр жаңы жылдан тарта бериле баштайт.

Ал эми арыздарды кабыл алуу кадимкидей тартипте улана берет.

Кыргызстанда 2018-жылдын тарта жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом сүйүнчү чегериле баштаган.