Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча документтердин долбоору даярдалды

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча документтердин долбоору даярдалды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Жыйынтыгында тараптар протоколго кол коюп, кийинки жолугушуу Өзбекстанда өтө турган болду.

Эске салсак, эки өлкө президенттери чек аранын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга ноябрдын соңунда кол койгон.