Кыргызстанда жаштардын курагын 30 жашка чейин көтөрүү сунушталды

Кыргызстанда жаштардын курагын 30 жашка чейин көтөрүү сунушталды. Маданият министринин орун басары Союзбек Надырбековдун айтымында, мурда                35 жашка чейинкилер жаштарга кирген.

 

Жаш үй-бүлөлөр социалдык төлөм алып, бюджетке күч келгендиктен, 2009-жылы 28 жашка түшүрүлгөн. Экинчи себеби – анда 22-23 жаштагылар баш кошсо, учурда үйлөнүүнүн орточо курагы 27-28 жаш эсептелет.