«Бишкексууканал» жаңы жылдык майрамдарда күнү-түнү иштейт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул боюнча бөлүмдүн ыкчам топторунун жана атайын техникаларынын иш графиги бекитилди.
Кырсык болгон учурда 1533 кыска номери аркылуу чалууга болот.
Диспетчерлер күнү-түнү эс алуусуз жана тыныгуусуз иштешет, — деп айтылат маалыматта.