Жети-Өгүздө 100 орундуу бала бакча курулат

Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында 100 орундуу бала бакча курулат.

Бул боюнча тендерди Ысык-Көл облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган маалыматка ылайык, тендердин баасы 82 миллион сомдон ашат.