Суусамырда 100 орундуу бала бакча ачылды

Суусамырда 100 орундуу бала бакча ачылды.

Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуштун суммасы 36 миллион сомду түздү.

Заманбап жабдуулар менен жабдылган бала бакчада бөбөктөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган.