Кыргызстандагы биринчи RestPoint Кеминде ачылат

Кыргызстандагы биринчи RestPoint Кеминде ачылат.

Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, учурда курулуш аяктоо алдында турат.

Буга чейин өлкө боюнча жалпысынан 68 эс алуу жайлары курулары кабарланган.

RestPoint бул туристтер жана саякатчылар үчүн эс алуу, маалымат алуу, гаджеттерди же электр унаасын кубаттоого боло турган жай.

Ар бир мекемеде саякатчылар үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды камтыган туристтик интерактивдүү дисплей орнотулат.