Республика мектептеринде каникулдарды узартуу боюнча чечим бүгүн кабыл алынат

Саламаттыкты сактоо министрлиги алдыдагы суукка байланыштуу мектептерде кышкы каникулдарды узартууну сунуштайт. Күтүлгөндөй, окуу процесси боюнча тиешелүү чечим бүгүн кабыл алынат.

 

Эске салсак, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аномалдуу суук болоору эскертилген – 11-январдан тарта республиканын бардык аймактарында температура көрсөткүчү кескин төмөндөйт.

 

Алсак, Чүй облусунда түнкүсүн -25 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө.