Айдоочуларга алыс жолго чыкпай туруу сунушталат

Транспорт жана байланыш министрлиги зарыл иш болбосо 9-13-январда тоолуу, ашуусу бийик жолдорго чыкпай турууну айдоочуларга эскертти.

«9-январдан тарта өлкөнүн аймактарында кар жаап, жолдор тайгак болот. Тоолуу аймактарда, ашууларда адаттан тыш суук болот. Байланыш жана энергетикалык кызматтардын иши солгундашы мүмкүн», — деп жазылган билдирүүдө.

Кыргызстандын Гидрометеорология кызматы 9-январдан тарта бир апта бою өлкөдө абанын температурасы кескин төмөндөй турганын, сууктун күчү -20… -38 градуска чейин жетерин эскертип жатат.