Бишкекте таштанды иргей турган пункт иштеп баштады. Мэрия маалыматына ылайык, түйүндүн жалпы аянты 147 чарчы метр, анда 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы орнотулган.
Таштандыны иргөө үчүн 15-16 чарчы метр иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалды. Мэриядан белгилешкендей, долбоордун максаты – ордо калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо.