Кыргыз экономикасына 10 млн сом чегерген чет өлкөлүк беш жылга виза алат

Кыргызстандын экономикасына 10 миллион сом чегерген чет өлкөлүк жаран беш жылга виза алат.

Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапты.

Ал эми 20 миллион сомдон кем эмес сумма салым кошкондор 10 жылга виза алууга укук алат.

Документ чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга виза алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында иштелип чыккан.