Бишкекке 20 жаңы автобус келди

Бишкекке 20 жаңы автобус келди.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, транспорт газ менен иштейт жана 75 адамды ташууга ылайыкталган.

Эске салсак, буга чейин автобустарды сатып алуу үчүн Бишкектин бюджетинен 1 миллиард сом бөлүнгөн.

Жакында ордо калаага дагы 100 автобустун келүүсү күтүлүүдө.