Жол эрежесин бузуулар боюнча маалыматты тартуулаган “Төлөм” порталы ишке кирди

Жол эрежесин бузуулар боюнча маалыматты тартуулаган “Төлөм” порталы ишке кирди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Система аркылуу Кайгуул кызматы же жол инспекторлору тарабынан колго  түзүлгөн протоколдорду, тонировкага уруксаттын бар-жоктугун жана “Коопсуз шаар” долбоорунун камералары каттаган айыптарды тапса болот.