Криштиану Роналду Сауд Арабия, Греция жана Египеттин 2030-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын биргеликте өткөрүүгө укук алууга арыздын элчиси болот

Криштиану Роналду Сауд Арабия, Греция жана Египеттин 2030-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын биргеликте өткөрүүгө укук алууга арыздын элчиси болот. Арызды колдогону үчүн футболчу 200 миллион евро алат.

 

Белгилеп кетсек, 2030-жылкы мундиалды өткөрүүгө бир катар өлкөлөр талапкер болот, арасында Португалия, Испания, Уругвай, Аргентина жана Марокко бар. Уюштуруучу жана кабыл алуучу өлкөнү аныктоо кийинки жылы өтөт.