Быйыл ишкерлерди колдоого бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнөт

Быйыл ишкерлерди колдоого бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнөт.

Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ишкерлер 1 миллиондон 3 миллион сомго чейин пайызсыз насыяларды алууда.

Жалпы төрт миңден ашуун ишкерге үстөксүз кредит берилди.

Кошумчаласак, 2022-жылы Каржы министрлиги чакан жана орто ишкерликти колдоо долбоорлору үчүн бюджеттен коммерциялык банктарга 1 миллиард 750 миллион сомдон ашык бөлгөн.