Катуу сууктан улам Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мектептер онлайн форматка өткөрүлдү

Катуу сууктан улам Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мектептер онлайн форматка өткөрүлдү.

 

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, аралыктан окутуу аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин уланат.

 

Ал эми бала бакчалар боюнча чечим кабыл алына элек, сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эске салсак, катаал аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын бардык мектептеринде кышкы каникулдар 16-январга чейин узартылган. Ал эми Майлы-Суу шаарынын мектептери киргизилген өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу онлайн окутууга өттү.