Майлуу-Сууда сууктан улам иштебей калган үч отказандын дагы бири калыбына келтирилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн №4 отканага электр жарыгы жеткирилип, шаардын 200гө жакын абоненти жылуулук менен камсыз боло баштады.
Учурда ал жерге атайын насос орнотулуп, Майлуу-Суу суусунан отканага суу алып өтүү иштери жүрүүдө.
16-январда №1 отказан иштей баштап, 600дөй абонентке жылуулук берилгени кабарланган.
Эске салсак, 12-январда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында сууктун айынан суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү системасы иштебей калган.
Мындан улам аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланган.