Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкекте үй курууга тендер жарыялады

Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкекте үй курууга тендер жарыялады

Анын алкагында ордо калаадагы 11-кичирайондо көп функционалдуу турак жай курулары белгилүү болду.

Маалыматта ипотекалык компания аталган райондо дээрлик 10 гектар жерге ээлик кылары белгиленген.

Инвесторлор курулуштун пайдубалынан баштап, батирлердин ачкычына чейин жасашы керек.

Объектилер эксплуатацияга берилгенден кийин инвестор 40 миң метр квадраттан аз эмес батирлерди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын менчигине өткөрүп бериши шарт.

Андан ашкан батирлерди жана коммерциялык объектилерди өзүнө алып кала алат.