Япония Кыргызстандын төрт ооруканасына жабдууларды берет

Япон өкмөтүнүн гранттык программасынын алкагында өлкөдөгү төрт ооруканага жаңы жабдуулар берилет.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кеп Жумгал районундагы жалпы дарыгерлик практика борбору, Мырза-Акедеги жалпы дарыгерлик практика борбору, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы жана Каракол шаарынын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору жөнүндө болуп жатат.

Жабдуулардын тизмесине УЗИ аппараты, рентген, флюорограф жана операциялар үчүн шаймандар кирет.