Социалдык келишимдердин басымдуусу мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган

Социалдык келишимдердин басымдуусу мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган.

 

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Ал эске салгандай, долбоордун алкагында аз камсыздалган үй-бүлөлөргө чакан ишкерлик ачууга 100 миң сомдон берилет. Программанын катышуучулары негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет.

 

Айрымдары соода, кызмат көрсөтүү, тамак аш жана такси кызматында ишкерлик ачты. Арасында брусчатка чыгаруу, унаа оңдоо, ширетүү иштери жана күнөскана ачуу сыяктуу долбоорлор дагы бар.