Кытайга каттаган 1 миң 500 дөй айдоочу визага муктаж

Кытайга каттаган кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына виза берүүнү көбөйтүү маселеси көтөрүлдү.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев менен коңшу өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусунда талкууланганын Novosti.kgге аталган министрликтен билдиришти.

Тараптар муну менен мамлекеттер ортосундагы сооданы жогорулатуу максатын көздөп жатат.

Белгиленгендей, учурда Кыргызстандын 1 миң 500дөй айдоочусу визага муктаж.