Былтыр Баткен облусунда жеке ишкерлер тарабынан 60 жаңы ишкана ачылып, 300гө жакын жумуш орду түзүлгөн.
Бул тууралуу аймактын 2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктыгы боюнча коллегиялык кеңешмеде айтылды.
Өткөн жылы облус боюнча 4 миллиард 500 миллион сомдон ашык өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн.
Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 150 миллион сомго көп.