Түркияда бир жумалык аза күтүү жарыяланды.
Соңку маалыматка караганда өлкөдө зилзаладан курман болгондордун саны 3 миңге жакындап, дагы 16 миңге чукул киши жараат алды.
Урандыларды тазалоо, куткаруу иштери уланып жатат жана каза болгондордун саны улам көбөйүүдө.
Ал эми Сирияда мерт болгондордун саны 1 миңден ашып, дагы жүздөгөн киши жабыркады.
Расмий Анкаранын билдиришинче, 3 миңдей имарат, турак жай кыйрады.
Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон.
Түшкө жакын аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанды.