Улуттук энерго холдинг күн жылыганына байланыштуу электр энергиясын маал маалы менен өчүрүүнү токтотту

Улуттук энерго холдинг күн жылыганына байланыштуу электр энергиясын маал маалы менен өчүрүүнү токтотту. Ведомство маалыматына ылайык,  өткөн сутка ичинде калк арасында электр энергиясын колдонуу көрсөткүчү кыйла төмөндөп, 64 миллион киловатт сааттка теңелди.

 

Буга чейин катуу суукта керектөө 76,5 миллион киловатт саатка жетип жаткан.

 

Андыктан, графикке ылайык өчүрүүлөр киргизилген. Эске салсак, январда аномалдык суукта Улуттук энерго холдинг күнүнө эки саатка электр жарыгын өчүрүп жатты. Бул аварияларды алдын алууга багытталган иш-чара болгон, — дешет энергетиктер.