“Коопсуз шаардын”  камералары жол эрежелерин бузуу фактыларын каттап жатат

“Коопсуз шаардын”  камералары жол эрежелерин бузуу фактыларын каттап жатат. Анын ичинде чет элдик номери менен унаалар дагы катталууда. Бул тууралуу  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун жетекчиси Бакыт Акжолтоев билдирди.

 

Анын айтымында, бардык бузуулар боюнча протоколдор түзүлөт. Чогулган айыптар мамлекеттик бюджетке которулат, ал жактан башка ведомстволор арасында бөлүштүрүлөт.