Чүй жана Таласта аба ырайынын начарлай турганы болжолдонууда

Синоптиктер Чүй жана Талас облустарында аба ырайынын начарлай турганын болжолдошууда.

Бүгүн кечке жуук баштала турган кар эртең таңга чейин жаашы күтүлөт.

Жолдун айрым тилкелеринде муз тоңушу мүмкүн.

Мындан улам, айдоочулар унааны жай айдап, трассаларда этият болушу керек.