Кыргызстандын “Элкарт” улуттук төлөм картасы Россияда иштеши мүмкүн

Кыргызстандын “Элкарт” улуттук төлөм картасы Россияда иштеши мүмкүн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Эске салсак, “Элкарт” – Кыргызстанда эң көп колдонулган төлөм картасы экени айтылып келет.

 

Өткөн жылга карата расмий маалымат боюнча, биздин өлкөдө жалпысынан  4 миллион 300 миң карта колдонулат, анын 60 пайызы “Элкарт” болсо, калганы “виза” системасынын карталары.