Боршайком жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмесин жарыялады.
Ал “Тизме” мамлекеттик порталында жарыяланат. Ага 70 миңден ашык жаран киргизилди. Тизмелер 18-февралга чейин шайлоо тилкелеринде илинет.
Ошол күндөн тарта 24-мартка чейин жарандар өздөрүн тактап алышы керек. Эске салсак, жергиликтүү шайлоолор Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарында 9-апрелде өтөт. Добуш берүү эл өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары аягына чыккандыктан белгиленди.