Кыргызстандан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтүлөт

Кыргызстандан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтүлөт. Бул тууралуу novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын отряддын кызматкерлери жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана уранды алдынан куткаруу иштерине жардам берет.

 

Бул үчүн керектүү буюмдарды жана жабдууларды алар өздөрү ала кетет.

 

Алдын ала маалымат боюнча, куткаруучулар менен атайын борт келе жаткан жекшембиде жөнөйт. Эске салсак, Түркиянын жер титирөөдөн кыйраган аймактарында учурда 67 кыргызстандык куткаруучу иштеп жатат.