WhatsApp ири жаңылануу тууралуу жарыялады

WhatsApp ири жаңылануу тууралуу жарыялады. Колдонуучулар статусту көрө турган аудиторияны өзү иргей алат. Андан тышкары, эми үндүү статустарды чыгарса болот.

 

Мындай билдирүүнүн убактысы 30 секунддан ашпашы керек. Ошондой эле статустарга реакция калтыруу, алардын жардамы менен жооп берүү мүмкүнчүлүгү дагы киргизилет. Жаңы функциялар айрым колдонуучуларга жеткиликтүү болуп баштады.