Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 12 миллион сомдон ашык чогулду

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 12 миллион сомдон ашык чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес кыргызстандыктар которуп жатат.

 

Эске салсак, Түркиядагы жер титирөөдөн кийин Кыргызстан жардам берүүгө алгач 60 куткаруучуну жөнөткөн.

 

Андан тышкары, дагы 100 куткаруучу, медициналык буюмдар жана гуманитардык жардам менен атайын борт жөнөтүлөт.