Кыргызстанда Конституциянын 30 жылдыгын  өткөрүүгө даярдыктар башталды

Кыргызстанда Конституциянын 30 жылдыгын  өткөрүүгө даярдыктар башталды. Президент администрациясынын маалыматына ылайык, атайын уюштуруучу комитет түзүлөт.

 

Мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, депутаттарга, аскерлерге, укук коргоочуларга жана эмгек ардагерлерине арналган мааракелик медалдарды чыгаруу чечими кабыл алынды. Каражат президент фондунан бөлүнөт.

 

Калган иш-чараларды өткөрүү жергиликтүү органдарга жүктөлөт. Эске салсак, ушул жылдын 5-майында Кыргызстан Конституциясынын кабыл алынганына 30 жыл болот.