Бишкекте сыноо иретинде кое берилген мектеп автобустары ишин токтотту. Бул тууралуу долбоордун менеджерлери билдиришти. “Кабар” агенттигинин маалыматына ылайык, окуучулар жүрүү билеттеринде калган акчасын №10, 11 жана 2-троллейбустарда мектеп тарифи боюнча колдоно алышат.
Эске салсак, Бишкекте мектеп автобустары 24-январда кое берилген.
Сыноо ийгиликтүү өтсө, мектеп автобустары менен ордо калаанын бардык окуучулары камтылмак.