Түркияда урап калган үйлөрдүн курулушундагы бузууларга 131 адам күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу вице-президент Фуат Октай билдирди. Анын айтымында, алардын бири камакка алынды.
Калгандарын колго түшүрүү боюнча протоколдор түзүлдү. Учурда шектүүлөрдү издөө жүрүүдө.
Вице-президент белгилегендей, юстиция министрлиги тарабынан жер титирөөгө байланыштуу кылмыштарды тергөө боюнча атайын бюро түзүлдү. Ал табигый кырсыктан жабыркаган 10 аймакта иш алып барат.